Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорун кармады

Мамлекеттик ишканада Кара-Кече кенинен көмүр уурдоонун коррупциялык схемасы аныкталган
УКМКнын кызматкерлери ИИМдин СКМи менен биргеликте "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасындагы көмүрдүн өндүрүшүнүн көлөмүн төмөндөтүү жолу менен уурдоо түрүндөгү коррупциялык схеманы аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жеңилдиктерди алуу үчүн Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзгөнү такталууда. Кийинчерээк чийки зат көзөмөлгө алынган компаниялар аркылуу ар кандай керектөөчүлөргө, анын ичинде Бишкек ЖЭБине сатылган.

Энергетика, тоо -кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик ишкана казган көмүрдүн жылына 600 млн сомдук 370 миң тоннадан ашык көлөмү бааланбай калгандыгы аныкталган.
Белгиленгендей, кечээ сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору А.К.Ы. жана "Кара-Кече" филиалынын бухгалтери Д.Р.Э кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы 
Сүрөт www

 

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх