Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эч жакка чыкпайм». Ысык-Көлдө эс алуучу кыз теплоходдо чатак чыгарды (видео)

Эс алуучу кыз теплоходду башкарган бир нече жумушчуну уруп, суудан чыгуудан баш тарткан

Кечээ Ысык -Көлдөгү теплоходдордун биринде эс алуучу кыз суудан чыкпайм деп  чатак чыгарган. Ал дагы сууга түшөм, мен бул үчүн акча төлөгөм деп, теплоходдо белгиленген эрежелерге баш ийбей, жумушчулардын айласын кетирген. Окуянын видеосу социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан жарыяландф.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, эс алуучу кыз сууда сүүзүгө белгиленген бир убакыт айтылган эмес деп, суудан чыгуудан баш тарткан.

Кийинчерээк, жумушчулар эс алуучу кызды баары бир палубага көтөрүп чыгышкан, бирок, муну менен кыздын ого бетер ачуусу келип, андан куткаруучу күрмөсүн чечүү аракети чатак менен аяктаган.

Акыры, кыздын ургулаганына карабай теплоходдун жумушчулары куткаруучу күрмөсүн чечип, кызды алып кетишкен.
Ал арада, Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы Vesti.kg сайтына мындай билдирүү менен укук коргоо органдарына эч ким кайрыла электигин билдиришти.

«Милицияга эч ким мындай арыз менен кайрылган эмес, учурда иш тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Материалдар электрондук маалымат журналына катталды »,-деп билдиришти Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан.

Родион Решетов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх