УКМК соода борборунда жардыруучу зат коюлуп, барымтага алынгандар бар экенин билдирген аялды кармады
Алдын ала белгилүү болгондой аял мындай кадамга мурдагы куйөөсү чырдашкандан барган
УКМК кызматкерлери ЦУМда жардыруучу зат коюлган деп, ошондой эле барымтада алынгандар тууралуу кабарлаган аялды кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.
Бул факт боюнча чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-1-беренеси (террористтик акт жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Чүй облусунун Сокулук районунда 1994-жылы туулган Г.З.А. кармалды. Ал ГУМ «Чынар» имаратынан сим-карта сатып алып, Айчүрөк соода борборунда жардыруучу зат коюлганын жана барымтага алынган адамдар бар экенин билдирген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мындай кадамга анын айтылган соода борборунда соода аянтчасын ижарага алып иштетип жүргөн мурдагы куйөөсү менен болгон чыр-чатак себеп болгон.
Учурда мүмкүн болгон уюштуруучуларды аныктоо жана кармоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www