Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Аспеков кардиологиялык борборго жаткырылды

"Курч миокард инфаркты" деген диагноз коюлду

Мелис Аспеков кардиохирургиянын реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, 9 -августта айыпталуучу Мелис Аспеков администрация кызматкерлерине жүрөк тушу ооруп жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылып, медициналык кызматкерлер тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн, аздан сон анын абалы турукташтырылган.

Эртеси активист медициналык кызматкерлерге кайра кайрылып, тез жардам кардио бөлүмунөн текшерүү өтүүсун сунуштаган. Алдын ала: курч миокард инфаркты деген диагноз коюлган. Айыпталуучу кардиологиялык борбордун реанимация бөлүмүнө жаткырылды.

Текшерүүдөн кийин "курч миокард инфаркты" деген диагноз тастыкталып, айыпталуучу учурда кардиология борборунда тиешелүү терапияны алып жатат.

Аспековдун абалы канааттандырарлык экени айтылган. Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык адвокатка айыптооочу менен жолугушууга уруксаат.

Эске сала кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына активист Мелис Аспеков менен ишкер Улан Джураев "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деп шектелгени маалымдалган. Буга чейин Аспеков УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, кийин Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх