Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Кыргызстанга оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотту

Атайын кызматтар ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө

УКМК оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруу боюнча туруктуу каналды бөгөттөдү, оң рулдуу унааларды 2015-жылдан бери Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынган.

Белгилүү болгондой, 15 жеңил унаа менен эки автотранспортчу өлкөнүн кире беришиндеги Ак-Тилек автожол постунда токтотулган. Айтылган унааларга 2021-жылдын эки айынын ичинде (июнь-июль) Чүй облусундагы "Унаа" мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктөрү болгон.

Ошол эле учурда, алардын кээ бирлеринин идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөн номерлери менен дал келген эмес.

Учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине караштуу мамлекеттик каттоо кызматтынын ачылган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК 2015-жылдын 26-февралындагы №40 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 3-июнунан тартып оң рулдуу унаа ташып аны каттоого, эксплуатациялоого жана өлкөнүн аймагында жол кыймылына катышууга тыюусун салынганын эскертет (коммуналдык кызматтарга, айыл чарбасына, жолдорду курууга (тейлөөгө) арналган унаалар (автокрандар, жүк ташуучу машиналар, бетон аралаштыргычтар, сугаруучу машиналар) ошондой эле өкмөт тарабынан аныкталган транспорттун башка түрлөрүн эсепке албаганда).

Тыюу салуунун максаты - Кыргызстандын автомобиль транспортунун иштешинин эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу. Мыйзам оң рулдуу унаалар катышкан кырсыктардын санын азайтууга багытталган.

Бул документ күчүнө киргенге чейин импорттолгон оң ​​рулдуу унааларга бул мыйзамдын тиешеси жок экени белгиленген.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх