Балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине орус тилинде тейлегени үчүн кол көтөргөн жаран Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Жаран УКЖда 48 саат кармалып, андан соң шектүүгө карата баш коргоо чарасы тандалат
Балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине орус тилинде тейлегени үчүн кол көтөргөн жаран Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 12-августта 1992-жылы туулган А.А. жараны Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, КР Кылмыш -жаза кодексинин 98 -беренесине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 48 саат өткөн соң борбор калаанын Октябрь райондук соту шектүүгө карата баш коргоо чарасын тандайт.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.
Эске салсак, ушул жылдын август айынын башында мас абалындагы киши балдар оюн -зоок борборунун кызматкерине орус тилинде кызмат кылгандыгы үчүн кол көтөргөн. Ал аны калькулятор менен уруп, кыргыз тилинде тейлеши керектигин айтып урушкан.
Кийинчерээк УКМК бейбашка каршы расмий эскертүү берген.
Бирок, Россиянын укук коргоо кызматкерлери өз алдынча текшерүү жүргүзүшкөн, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жараны 1992 -жылы туулган Али Алимбаевке федералдык мыйзамдын 27.1.1 беренесине ылайык Россия Федерациясынын аймагына кирүүсүнө 10 жылдык мөөнөткө тыюу салуу чечимин кабыл алышкан.
Фото www