Балдар борборунун кызматкерине кол көтөргөн жаран тергөө абагына киргизилди
Ага Россиянын аймагына кирүүгө да тыюу салынган
Magic City балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине кол көтөргөн Али Алимбаев 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Кечээ анын баш коргоо чарасы тандалгандыгы белгиленген. Ал тергөө маалында №1 тергөө абагында болот.
Эске сала кетсек, мас абалында келген адам Технопарктын имаратында жайгашкан Magic City балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине калькуляторду ыргытып жиберген.
Оюн-зоок борборунун аминистраторлорунун айтымында, ал киши кызматкердин орус тилинде тейлегенин жактырган эмес.
Ал арада Орусиянын Ички иштер министрлиги Алимбаевдин өлкөгө кирүүсүнө 10 жылдык мөөнөткө тыюу салган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз