Караколдо унаанын дөңгөлөгүн уурдоого шектелген жаран кармалды
Кылмышка шектүү кармалып, УКЖга киргизилди
Июль айынын аягында Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну Мерседес-Бенц 230 унаасы менен Жаңы-Арык айылына келип, унааны айылдын четине токтотуп кеткен. Натыйжада белгисиз адамдар анын унаасынын төрт дөңгөлөгүн уурдап кетишкен, материалдык чыгым 10 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул билдирүү Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Маалым болгондой, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери дөңгөлөк уурдоого шектүү адамды аныкташып, ал Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 41 жаштагы тургуну Т.Ж. болуп чыкты. Кылмышка шектүү делген жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалганга чейин кармалган адам Ак-Суу районунун ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Сүрөт www