Жалал-Абадда бир үйдө 43 кайырчы жашап келген
Милиция кызматкерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйлөрүнө жөнөтүштү
Жалал-Абадда бир үйдө 43 кайырчы жашап келген. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, учурда Жалал-Абадда "Кайырчы" аталышындагы рейди жүрүп жатат. Бүгүн 43 кайырчы чогуу бир үйдү ижарага алгандыгы белгилүү болду. Алардын баары РИИБга жеткирилген.
Алардын 24ү Өзбекстандан, 19у цыгандар жана Ош облусунан келишкендиги белгилүү болду. Алардын арасында карылар, жашы жете электер жана майыптар дагы бар.
Кармалгандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз