Баткен облусунда 2,3 миллион сомдук аткезчилик жүк кармалды
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке 539 350 сомдук зыян келтирилген
Баткен облусунун бажы кызматкерлери КР жараны А.у.М. башкарган DAF унаасын токтотушкан. Бул тууралуу департаменттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Унааны текшерүү учурунда- "Лазер" ак күрүчү табылгандыгы көрсөтүлгөн. Жалпы салмагы 23000 килограммдык товардын баасы 2 миллион 300 миң сомду түзгөн. Товар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен кошуна мамлекеттен алынып келинген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке 539 350 сомдук материалдык зыян келтирилген деп билдиришет департаменттен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз