УКМК ПЦР тестинин терс жыйынтыгы боюнча жасалма маалымкат саткан өзбек жаранын кармады
Ал жасалма маалымкатты 80 миң өзбек сумуна сатып жүргөн
УКМК кызматкерлери ПЦР тестинин терс жыйынтыгы тууралуу жасалма маалымкат саткан Өзбекстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу алардын басма сөз борбору билдирди.
Ал арада 1965-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.А. Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылган, бирок өзбек тарап ПЦР анализинин терс жыйынтыгы боюнча жалган маалымкат бергендиктен киргизбей койгон.
Маектешүү учурунда ал аял Кыргызстандын аймагындагы өткөрүү пунктунун жанында, чек арадан өтүп жаткан жарандарга жалган маалымкаттарды саткан адамды көрсөтүп берген.
Чек арачылар шылуунду кармаган. Ал 1996-жылы туулган Өзбекстандын Б.М. аттуу жараны экендиги жана ар бир жасалма маалымкатты 80 миң өзбек сумуна сатканы аныкталган. Анын жанында дагы жети жалган маалымкат болгон.
Кармалган адам кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Белгилүү болгондой, акыркы убакта коңшу мамлекеттердин жарандары тарабынан ПЦР тестинин терс жыйынтыктары жөнүндө жасалма маалымкаттар жана COVID-19га каршы жасалма эмдөө сертификаттары менен мамлекеттик чек арадан өтүү аракеттеринин саны көбөйүүдө.
Мындай фактылар боюнча маалымат тиешелүү чараларды көрүү үчүн коңшу мамлекеттердин чек ара башкармалыктарына жөнөтүлөт.
Ошол эле учурда УКМК Кыргызстандын аймагына кирүүдө жарандар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-карантиндик постунун кызматкерлерине ПЦРдин терс жыйынтыгы боюнча маалымкатты же COVID-19га каршы эмдөө сертификатын көрсөтүшү керектигин эскертет. Андан тышкары, врачтардан өлкөгө кирүүгө уруксат алгандан соң жарандар чек ара көзөмөл кабиналарына жөнөтүлөт.
УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген документтерди (жарандын паспорту, жашы жете электер үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк) гана текшерет.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www