Сириядагы террордук уюмга тиешеси бар кыргызстандык кармалды
Ал чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде келген
Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышы бар деп шектелип изделип жаткан 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын А.Ж. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.
Анда кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткени, ал жерде Хаят Тахрир аш-Шам эл аралык террордук уюмунун бандасы тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы көрсөтүлгөн.
- Террордук уюмдун лидерлеринин тапшырмасы боюнча А.Ж. Кыргыз Республикасына кирип, террористтик ишмердүүлүктү жайылтуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу максатында келген, мындан улам ал жасалма документтердин негизинде өлкө аймагына чет өлкөдөн келген, - деп айтылат билдирүүдө. - Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө жана ыкчам иш -чаралар жүрүп жатат.
Сүрөт www