Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын чек арачылары Түркияга башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган кыргызстандык аялды кармашты

Жаран кошумча иликтөө үчүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилген

"Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Бишкек-Стамбул каттамы менен уча турчу кыргызстандык аял паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда чек ара кызматкерине 1990-жылы туулган Б.А.нын дарегине жазылган документти көрсөткөн. Бирок чек арачылар паспортто көрсөтүлгөн маалыматтардын дал келбестигин аныкташкан.

Сурамжылоонун жүрүшүндө аныкталгандай, 1987-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Г., башка бирөөнүн жарандык паспорту менен Түркияга учуп кетүүнү каалаган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх