Балыкчыда дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы баланын жансыз денеси асынган абалда табылды
Азим Садырбековдун сөөгү кароосуз калган имараттардын биринен табылган
Балыкчыда жоголгон 17 жаштагы Азим Садырбековдун жансыз денеси кароосуз калган имараттардын биринде асынып калган абалда табылды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, болжол менен саат 19.10до, милицияга кароосуз калган имараттардын биринен белгисиз жигиттин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн", - деп айтылат билдирүүдө. Зордук-зомбулуктун издери аныкталган жок.
Маалым болгондой, маркум мурда дайынсыз болуп изделип жаткан Азим Садырбеков экени аныкталды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз