Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын экс-депутаты камакка алынды

Мурдагы депутат алдамчылыкка айыпталууда

"Алдамчылык" беренеси менен издөөдө жүргөн КСДПнын Талас шаардык кеңешинин экс-депутаты Ж.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Ж.С. жараны 2017-жылы алдоо жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Мунун жыйынтыгында ал Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.

Маалым болгондой, Биринчи Май райондук соту экс-депутатка карата 2021-жылдын 18-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо түрүндө баш коргоо чарасын тандап алган.

УКМК президент Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн инвесторлорду коргоо, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бардык чараларды көрүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх