Бишкекте колго жасалган жардыруучу заттан эки бала жабыркады
Куткаруучулар жабыркагандарды алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен
Бишкекте эки бала колго жасалган жардыруучу заттан жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
- Кечээ ӨКМге Свердлов районунда саат 17.30дар чамасында Ала-Арча суусунда эки өспүрүм (2010 -жылы туулган С.А. жана 2011 -жылы туулган К.Н.) колго жасалган жардыруучу заттан жаракат алганы тууралуу маалымат келип түшкөн. , - деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, ӨКМдин куткаруучулары жабыркагандарды алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Өспүрүмдөрдүн абалы канааттандырарлык.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз