Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандагы аскердик объектте жарылуу болду

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө

Казакстанда аскердик объектте жарылуу болду. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен жазышууда.

Жарылуу Таразда аскер бөлүгүнүн кампаларынын биринин жанындагы өрттөн улам болгону такталды.
Маалым болгондой, Жамбыл облусунун администрациясынын маалыматы боюнча 66 адам жаракат алган.
- Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө кампалардын биринин жанында өрт чыкты, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. - Өрттүн кесепетинен белгисиз объектилердин жарылышы болду.
Белгиленгендей, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланууда.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх