Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызыл-Кыя шаарындагы көпүрөнүн астынан эркек кишинин сөөгү табылды

Маркумдун сөөгү суудан чыгарылып, ИИМге өткөрүлүп берилди

Кызыл-Кыя шаарындагы көпүрөнүн астынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен 102 кызматынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү көпүрөнүн астынан 50-55 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн (аты-жөнү такталууда).

Окуя болгон жерге үч куткаруучу тартылган. Маркумдун сөөгү суудан чыгарылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх