Түп районунда өрттөн төрт жашар кыз жана алты жаштагы бала каза болду
Сарайда күйгөн чөп трагедияга алып келди
Кечээ, 14 -сентябрда Түп районундагы турак үйдүн короосундагы сарайдан чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Түп районунун Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндөгү турак үйдүн короосундагы сарайда чөп өрттөнүп жатат деген билдирүү келген",-деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.
Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүү бригадасы тартылгандыгы белгиленди. Саат 15: 00дө өрт локализацияланган, саат 17: 45те толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттөн эки бала каза болгон: бир кыз жана бир бала 4 жана 6 жашта.
Жалпысынан 600 түк чөп күйүп кеткен.
Маалым болгондой, өрттүн себеби такталууда.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз