Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каракол шаарында уурулукка шектүү адам кармалды

Ал шаардык ички иштер бөлүмүнүн ИВСине жайгаштырылды

Каракол ШИИБдин кызматкерлери уурулукка адистешкен шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Каракол шаарынын тургуну 2021 -жылдын августунун аягында түн ичинде батирине кирип, жашыруун камера, дрон, ноутбук, алтынды уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү үчүн жазуу түрүндөгү арыз менен ички иштер бөлүмүнө кайрылган.  Келтирилген зыяндын суммасы 555 000 сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, Каракол шаарынын дагы бир тургуну С.А. дагы арыз менен кайрылган. Үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында күндүз анын батирине кирип, тиричилик техникасын: микротолкундуу мешти, духовка, ошондой эле алтын буюмдарын жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын суммасы 115 000 сомду түзөт.

Бул фактылар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн  КЖБРге КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 200 (уурдоо) каттоого алынып, 2-берене боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 

Шаардык милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1992 -жылы туулган Б.Д.  Кыргыз Республикасынын Жазык -процессуалдык кодексинин 98 -беренеси менен Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда Караколдогу башка ушул сыяктуу уурулук фактыларына кармалган адамдын тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх