Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конор Макгрегор Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Кыргызстандыктын Мерфи менен кармашуу үчүн гонорары 392 миң долларды түзгөн

UFC уюмунун дүйнөлүк жылдызы Конор Макгрегор Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу спортчу социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

"Мушташтын улуу түнү. Валентина, сен кереметсиң ", - деп жазган ал.

Эске салсак, UFC 266 турниринин ири беттешинин алдында Валентина Шевченко чемпиондук наамын алтынчы жолу коргогон.

Америкалык Лорен Мерфи менен болгон мушташ үчүн кыргызстандык  392 миң доллар тапкан.

ММА Манифестине ылайык, гонорар турнирге катышуу жана жеңиш үчүн 350 миң доллардан турат, ал эми 42 миң - беттешке чейинки бир апта үчүн кошумча төлөм катары.

Белгилей кетсек, америкалык Лорен Мерфи 132 00 доллар алган.


Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх