Токмокто энеси баланы эмизип жатып, уктап калган. Бала тумчугуп өлгөн
Сотко чейинки өндүрүш башталды, соттук-медициналык экспертиза дайындалды
Токмокто эне эки айлык баланы эмизип, уктап калды. Бала тумчугуп өлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, С.Э. 14 -октябрда Токмок ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө кирген. Бала 2021 -жылдын 11 -августунда төрөлгөн.
"Окуя болгон жерге тергөө тобу келгенде, Б.С.нын 33 жаштагы апасы баласын эмизип жатып уктап калганын, тумчугуп каза болгонун айткан",-деп милициядан билдиришти.
Бул факт КР Кылмыш -жаза кодексинин 135 -беренеси ("Шалаакылыктан өлүмгө алып келүү") менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Сүрөт www