Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда 20 жаштагы кыргызстандык 6-кабаттан кулап кеткен. Суицидге аракет кылуу версиясы каралууда (фото)

Жаш жигит достору менен эс алууга Анталияга учуп кеткен

Анталияда достору менен эс алуу үчүн учкан 20 жаштагы кыргызстандык Аман Т., алтынчы кабаттан кулап кеткен. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окуя учуру ишканалардын биринин видеокөзөмөл камерасына жазылып калган.

Өткөндөр окуяга жооп беришип, тез жардам чакырышкан. Дарыгерлер жигитке биринчи жардам көрсөтүшкөн, андан кийин ал ооруканага жеткирилген.

Милиция кызматкерлери чет элдик жарандын өз жанын кыюуга аракет кылуу ыктымалдыгын карашат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх