Кемин районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду
Үч өспүрүм жабыркаган
Кемин районунун Ударник айылынын Ленин көчөсүндө кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, бакты сүзгөнү көрсөтүлгөн.
- Кырсыктын кесепетинен 2004 -жылы туулган жаран С.Т. жана бир кыз каза болду, үч өспүрүм жабыркады (өздүгү такталууда), - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Белгиленгендей, куткаруучулар каза болгондорду жана жаракат алгандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз