Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыздын калпагын тепкен кайсы футболчу? (видео)

Ал "груша манекенге" калпакты кийгизип атайын тээп жиберген

Белгилүү теле алып баруучу, продюссер Ассоль Молдокматова Инстаграм социалдык тармагына белгисиз бир адамдын кыргыздын улуттук баш кийими калпакты атайын боксердук грушага илип, тээп жаткан видеосун жүктөдү. Ал калпакты ыргыта тепкен адамдын футболист экенин белгилеп, бирок кайсы клубдун оюнчусу экенин билбей турганын айткан.

Видео кайда тартылганы да белгисиз.
 "Биз, кыргыз эли бир муштумдайбыз, улуттук символикабызга кылган мындай жосунсуз жорукка чыдай албайбыз! Тезинен байланышка чыгып, кечирип сурасын", деп жазган Молдокматова.

Колдонуучулар алып баруучуну колдоп, футболчунун баракчасына жапырт арыздануу керектигин жазышууда.

Камила Аляева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх