Криштиану Роналду эгиз балалуу болорун билдирди
Дүйнөгө белгилүү футболчу бул жаңылыгын Инстаграм аркылуу бөлүштү
36 жаштагы дүйнөгө белгилүү футболчунун эгиз балалуу болору белгилүү болду. Роналду мындай сүйүнүчтүү кабарын Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында бөлүштү.
Футболчунун 27 жаштагы сүйүктүүсү Жорджина Родригестин учурда 12 жумалык мөөнөттө кош бойлуу экени маалым болду. Буга чейин алар Алана Мартини аттуу кыздуу болушкан эле.Белгилей кетсек, Криштиану Роналду муну менен бешинчи ирет ата болгону турат. Сүйүктүүсү төрөп берген кыздан сырткары ал үч башка карын энеден дагы үч балалуу болгон эле.
Камила Аляева
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз