Россиянын Пермь шаарында кош бойлуу аялы менен кайнатасын бычактап өлтүргөн тажикстандык жарандын соту башталды
Кылмышкер 21 жаштагы кош бойлуу аялынын башын кесип, андан кийин кайнатасын да бычактап өлтүрүп салган
2021-жылдын 3-февралында Россиянын Пермь шаарында үрөй учурган окуя катталган. Анда 24 жаштагы Шохназар аттуу тажикстандык жаран 21 жаштагы кош бойлуу аялынын башын кесип, андан кийин көчөдө кайнатасына жолугуп калып, артынан кууп барып бычактап өлтүрүп салган. Бүгүн Пермь облустук сотунда коомчулукта чоң резонанс жараткан бул кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу "Комсомольская правда" сайты жазып чыкты.
Кылмыш болгон күнү окуя тууралуу билген жергиликтүү тургундар кылмышкерди кармап, таш баранга ала жаздашканы белгилүү. Бирок укук коргоо кызматкерлери буга жол беришкен эмес.
Сурак учурунда шектүү ошол каргашалуу күнү кош бойлуу аялы ажырашып, боюнан алдырууну каалаганын айтканын мойнуна алган.Андан кийин көчөдөн кезигип каллган кайнатасын көрүп калып, анын да жанын кыйган. Ал жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп жатканын да билдирген.
Айыпталуучу кош бойлуу абалындагы эки адамды жана бир аялды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Камиля Аляева
фото www