Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматыда мектеп психологу менен сүйлөшүп чыккан бала өз жанын кыйды

8-класстын окуучусу 11-кабаттан боюн таштап жиберген

Казакстандын Алматы шаарында 8-класстын окуучусу мектептин психологу менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин өз жанын кыйды. Бул тууралуу "NewTimes.kz" маалыматтык агенттиги жазып чыкты.
Интернет айдыңында тараган маалыматка караганда окуя Алматынын Калкаман кичи районунда орун алган.
"8-класстын окуучусу мектептин психологу менен сүйлөшүп, андан кийин 11-кабаттан боюн таштап жиберген. "Бардыгы психологду күнөөлөп, ызуу-чуу болуп жатат",- деп жазган белгисиз автор.
Маалым болгондой, окуучу мектепке Гарри Поттер түрүндө кийинип келген. Класс жетекчиси ачууланып, өспүрүмдү психологго мажбурлап алып барган.
"Психолог менен сүйлөшкөндөн кийин бала терезеден секирип кеткен", - деп айтылат билдирүүдө.
Алматынын полиция департаменти аталган факт "Өз жанын кыюуга жеткирүү" беренеси менен иш козголгонун, учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын билдирди.

Камила Аляева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх