Бишкек-Ош жолунда бензин ташыган унаа күйүп кетти. Өрт бир адамдын өмүрүн алган
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатканын белгиледи
Бишкек-Ош жолунун 238-чакырымында Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагына жакын жерде күйүүчү май ташыган унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, саат 14.30да ӨКМдин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 15:42де чектөөгө алып, саат 17:00дө толугу менен өчүрүлгөн.
«Өрттүн кесепетинен каза болгон эркек кишинин жансыз денеси табылды (маалыматтар такталууда), - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз