Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Аламүдүн районунун ИИБнын тергөөчүлөрүн пара талап кылып жаткан жеринен кармашты (фото)

Тергөөчүлөрдүн бири УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
 
Маалым болгондой, тергөөчүлөр алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн адамдан 70 миң сом акча талап кылышкан.




«2021-жылдын 10-ноябрында тергөөчүлөр Г.М.Ш. жана Б.К.Н. Бишкек шаарындагы банктардын биринин банк картасы аркылуу Н.Д.нын өкүлүнөн  А.И.ден 70 миң сом алган. Андан соң 12-ноябрда тергөөчү Г.М.Ш. аттуу жаран Н.Д.га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарды», - деп билдирди УКМКнын басма сөз борбору.




Чүй облусунун ИИБнын Аламүдүн РИИБнин кармалган тергөөчүлөрүнүн бири Г.М.Ш. УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
 
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


 УКМКнын басма сөз борбору

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх