Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто жайкы кафенин короосунан 40 тонналык контейнер уурдап кетишти (фото)

Алар уурдалган буюмдарды темир алуучуларга сатууга жетишкен

2-декабрь күнү Токмок шаарынын ИИО кызматына 41 жаштагы жергиликтүү тургун уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылып, жайкы кафенин короосунан 40 тонналык контейнерди (деңиз) уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Келтирилген чыгымдын суммасы 120 миң сомду түзгөн.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Чүй облусунун ШИИБнын ыкчам кызматы жана Токмок шаарынын ИИБнын кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн такташып, РОВДга алып кетишкен. Маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр уурдалган буюмдарды кара металл сатып алуучуларга сатууга жетишкен.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.




Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх