Чолпон-Атада кары киши өрттөн каза болду
Өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон
Кечээ кечинде Чолпон-Атада турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуянын кесепетинен 50 м2 болгон бөлмө толугу менен күйүп кеткени такталды. Мындан тышкары үйдөн 1958-жылы туулган С.В.нын жансыз денеси табылган.
Өрттү өчүрүүгө 1 өрт өчүрүү бригадасы тартылган.
Өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз