Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматыдагы башаламандыктар: 190 адам ак халатчандарга кайрылып, 7 бейтап реанимацияда

Жабыркагандардын  137си милиция кызматкери болсо, 53 адам - жай тургундардан

Алматыдагы нааразылык акцияларынын кесепетинен эки жүзгө жакын адам медициналык жардам сурап кайрылганы маалымдалды. Аларды ичинен 150 киши тез жардам аркылуу, ал эми 40 киши өз алдынча ак халатчандарга кайрылышкан. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып, Nur.kz басылмасы билдирди

Ооруканаларга ар кандай жаракаттар менен 40 бейтап түшкөн. Тез жандандыруу бөлүмүндө учурда 7 адам болсо, анын төртөө - милиция кызматкерлери. Жалпы жабыркагандардын 137си тартип сакчылары экени белгиленди. 

Ал ортодо Нур-Султан шаарына да өзгөчө абал киргизилгени маалымдалды. Буга чейин Алматы жана Мангистаус облусуна 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизилген эле.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх