Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматынын коменданты: 5-январга караган түнү 500 жай тургун, анын ичинде 130 аял жана улгайган адамдар ур-токмокко кабылган

Бул тууралуу Алматы шаарынын Полиция департаменти билдирди

Алматы шаарынын Полиция департаментинин башчысы, шаардын коменданты Канат Тимерденов 5-январга караган түнү экстремисттик топтор активдешкенин билдирди. Бул тууралуу «НеХабар» басылмасы жазып чыкты.

«Алардын (митингчилердин) мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 120дан ашык унаа, анын ичинде 33 милиция, тез жардам бригадасы жана өрт өчүрүүчү унаалар өрттөлгөн. Бизнес жабыр тартты: 120 дүкөн жана соода объектилери, 180 коомдук тамактануу жайлары, 100гө жакын чакан жана орто ишканалардын кеңселери талкаланды. 500дөн ашык карапайым тургун ур-токмокко кабылган: анын ичинде 130у аялдар жана карылар», - деген ал.

Анын айтымында, тартипти камсыздоого ички иштер органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, Улуттук гвардиянын жоокерлери, ошондой эле Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү тартылган.

Тимерденов ошондой эле өзгөчө абалдын талаптарын бузгандыгы үчүн Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, Алматы шаарында 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх