Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алматынын борбордук аянтында ок атылууда

Аскердик күчтөр куралчан адамдарды курчап алганы маалымдалды

Алматынын борбордук аянтын бүгүн, 6-январда 50гө жакын зооттолгон техника менен  куралдуу күчтөр курчап алганын Спутник Казахстан агенттиги жазып чыкты. Аянтта учурда башаламандык уюштуруп жаткан  200гө жакын куралчан адамдар жүргөнү белгиленди. Аскерлер аларрды 100 метр аралыкка сүрүп чыгып, ок атышуу башталган. Күбөлөрдүн айтымында ок аскерлер тарабынан атылган эмес.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган.  Жаңы-Өзөн жана Мангыстау облусунун Актау шаарынын тургундары  газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. 4-5-январда Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу орун алган. Бүткүл өлкө боюнча бир нече жолу интернетти өчүрүлүп, бир катар телеканалдарды көрсөтүү убактылуу токтотулган.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирди. Нурсултан Назарбаевдин ордуна Коопсуздук кеңешин өзү жетектей баштады. Ал ЖККУдан «террордук коркунучту жеңүү боюнча» жардам сураганын айтты. ЖККУ Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү ниетин билдирди.

5-январдан 6на караган түнү Алматы шаарында талап-тоноолор катталып, бир катар имараттар өрткө калган. Бүгүн, 6-январда Казакстандагы бардык финансылык мекемелердин иши убактылуу токтотулду.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх