Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстан: күч кызматкерлери 26 адамды жок кылып, дагы 18и жарадар

Набыт болгон жана жарадар адамдардарды алар "кылмышкерлер" деп аташууда

Жыл жаңыраары менен газдын кымбатташынан башталган нааразычылык акциясы күч органдары менен куралдуу кагылышууга жетип кеткен коңшу Казакстанда күч органдары 26 адамды жок кылып, 18ин жарадар кылганы маалымдалды. Бул тууралуу казакстандык мамлекеттик телеканалдарга таянуу менен "РИА Новости" маалыматтык агенттиги билдирди. Мындан сырткары, өлкө боюнча 8 миңден ашык адам кармалганы белгилүү болду. Массалык башаламандыктардын күнөөлүүлөрү 8 жылдан баштап өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендигин басылмалар жазышууда.

Эске сала кетсек, Алматы шаарында түндө кайрадан ок атышуу башталганы кабарланган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх