Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бразилияда жар кулап, катерде эс алып жүргөн туристтерди басып калды (видео)

Кырсык 10 адамдын өмүрүн алып кеткен

Бразилияда катер менен эс алып жүргөн туристтерди бөлүнүп кеткен жар басып калды. Кырсык ишемби күнү Капитолиу шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан каньондо орун алган (Минас-Жерайс штаты). Жар 4 катердин үстүнө кулап, кырсык маалында аларда кеминде 34 адам эс алып жүргөнүн ТАСС агенттиги CNN Brazil телеканалына таянуу менен маалымдаган. Эки кайык чөгүп, 10 адамдын өмүрү кыйылганы белгилүү.

Куткаруучулардын билдиргенине караганда бардык көз жумгандар бир катерде болушкан. Алардан сырткары 23 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканаларга жеткирилген. Учурда 50 куткаруучу жана 11 водолаз куткаруу иштерин улантып жатканы маалымдалды.

Кырсыкка аймакта акыркы айда тынымсыз жааган жаан-чачын себеп болгону айтылууда. 

Капитолиу шаары туристтердин арасында популярдуу эс алуучу аймак экени белгилүү. Шаардын жанында орун алган кооз каньондордо суу туризми өнүккөн. Кырсыктан кийин калаа бийлиги сууда эс алууга тыюу салган.

Камиля Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх