Чүй облусунда эки адам люкка түшүп кетти
- жолу 0 кароо
Жабырлануучулардын бири көмүр кычкыл газына ууланган
Чүй облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эки жаранды канализациялык люктан алып чыгышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 11-январь күнү түштөн кийин турак жай-коммуналдык чарбанын эки кызматкери 48 жаштагы М.С. жана 55 жаштагы Ж.Ж. иштеп жатып Сокулук районундагы Шопоков райондук ооруканасынын жанындагы люкка түшүп кетишкен.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу ыкчам барып, жабыркагандарды люктан чыгарышкан.
Жыгылгандардын бири истүү газга ууланып, аймактык ооруканага жаткырылган, экинчи жаран жардам берүүдөн баш тарткан.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз