Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтайда белгисиз адамдар 53 жылкыдан турган үйүрдү атып кетишти. Арасында кулундуу бээлер көп болгон

Өлтүрүлгөн  жылкылардын көбү - кулундуу же бооз бээлер болгон

Россиянын Алтай крайында үрөй учурган кылмыш катталды. Белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун 53 баш жылкысын атып кетишкен! Бул тууралуу "Комсомольская правда" басылмасы жазды. Өлтүрүлгөн жылкылардын көбү - жаңы тууган же бооз бээлер болгон. Кылмышкерлер кулундарды да калтырышкан эмес. Алардын сөөктөрү бир нече күн мурда Солоновка жана Камышенка айылдарынын ортосундагы кыштоодон табылган. Үйүр Николай Дроковдун үй-бүлөсүнө таандык болгон.

-Жылкылар бош жүрчү, биз аларды жумасына 2-3 жолу барып карап келчүбүз. Бир нече күн мурда баралы десек коюу туман каптап, бара албай калдык эле. Ошол күнү кечинде мага телефон чалып, жылкыларды атып кетишкенин айтышты. Аларды бурчка чогултушуп, снайперлерге окшоп жүрөк тушка экиден ок атышыптыр. Мындайды айбан да кылмак эмес - фашисттер кылбаганды кылып жатышпайбы, - деген жаныбарлардын ээси.

 

Учурда бул ишти полиция кызматкерлери иликтеп жатканы белгилүү. Келтирилген чыгым - болжол менен 5 млн рублди түзгөн. 

Жергиликтүү тургундар мындай кылмыш биринчи катталып жатпаганын айтышкан. Алар өткөн жылы дагы кимдир-бирөөлөр 7 жылкыны атып кетишип, полиция кызматкерлери кылмышкерди ошол бойдон таба алышпаганын билдиришкен.

-Өзүбүздүкүлөрдөн эле бирөө го деп ойлоп жатабыз. Атаандаштар деле эмес го, жылкыны бизде 3-4 эле адам багат, биз бири-бирибизге жолтоо деле эмеспиз- деген Николай Дроков.

Алтай крайы боюнча ИИМдин башкармалыгы аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

Лошадей обнаружили в предгорье

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх