Бишкекте өнөктөшү азык-түлүк дүкөнүн ээсине төлөбөй сатып жиберди
Жаран жардам сурап Садыр Жапаровго кайрылган
Бишкекте өнөктөшү азык-түлүк дүкөнүн ээсине төлөбөй сатып жиберди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына дүкөндүн ээси Павел Крекотнев билдирди.
«Менде өнөктөшкө акча берилгенин көрсөткөн аудио жазуу, тил кат (расписка)бар. Бирок мени эч ким караган жок. Бул боюнча мен РИИБге, Башкы прокуратурага кайрылгам. Эч ким кылмыш ишин козгобойт. Себептери белгисиз. Жаңы жылдын алдында эки жумадай тергөөчүнүн артынан чуркадым. Каникулдан кийин ал тергөөчү жумуштан бошотулуп жатканын айтышып, мага иш козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарылды», — деди кыргызстандык.
Жаран анын үй-бүлөсүнө кысым болуп жатканын белгилеп, жардам сурап президент Садыр Жапаровго кайрылган.
Сүрөт www