Ноокенде милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон өспүрүмдү табышты
Таш-Көмүр шаарында ата-энесинен жашынып жүргөн бала табылды
Ноокенде милиция дайынсыз жоголгон өспүрүмдү тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Жергиликтүү тургун Ихтиёр Юлдашев 15 жаштагы уулу Исламбектин дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз жазган. Өспүрүм 4-февралда мектепке кетип, андан бери үйгө келген эмес.
Бул факты Ноокен районунун ички иштер башкармалыгынын КЖБРде катталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ата-энесинен жашырынып жүргөн Исламбек Таш-Көмүр шаарынан табылган. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Өз кезегинде Исламбектин ата-энеси милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
Сүрөт www