Өзгөн районунда РЭСтин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Жаранга карата жазадан бошотуу үчүн акча талап кылып, электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузгандыгы тууралуу негизсиз акт түзгөн
Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын тургуну Н.С. аттуу жаран райондук прокуратурага арыз менен кайрылып, Өзгөн РЭСинин кызматкерлери укук бузуу үчүн жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып, электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузуу фактысы боюнча негизсиз акт түзүшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен, Н.С. акча каражаты менен кармалган жана Өзгөн РЭСинин мастери Р.А.Т. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул иш боюнча райондук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www