Хайп үчүн. Бишкекте жигиттер досун мамыга байлап, жумуртка ыргытышты (видео)
«Майда бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, бардык материалдар Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилди
Бир күн мурун интернетте мамыга байланган жигитти теңтуштары кордоп жатканын көрсөткөн видео тараган. Жигиттер ал балага айран, ун , анан жумуртка ыргытышкан. Окуя күлкү менен коштолот.
Ал ортодо Vesti.kg комментарий алуу үчүн Бишкек ШИИБге кайрылды.
Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт бир күн мурун Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ЖИИБде катталып, ага байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Видеого түшүп калган бардык катышуучулар табылды», - деп билдирди басма сөз кызматы. - Көрсө, баары дос, бири-бирине дооматтары жок. Жигиттер досун туулган күнү менен куттуктап, Tik-Tok социалдык тармагына резонанстуу видео жарыялоону чечишкен.
Бирок, доо-арыздар жок болгонуна карабай, «Майда бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын, бардык материалдар Биринчи Май сотуна өткөрүлүп берилгенин Борбордук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Канышай Балкыбекова
видео Nazar news