Ошто дарыгерлер бейтаптардын өмүрүнө коркунуч жараткан гемодиализ аппараттарын колдонушкан
Ош ММК фондунун башчысы жана түштүк аймагы боюнча баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы ээлеген кызматынан бошотулду
Ошто бейтаптардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан гемодиализ аппараттары колдонулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык көзөмөл органынын кызматкерлери медицина кызматкерлери менен биргеликте гемодиализ борборлоруна текшерүү жүргүзүп, бейтаптардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган, коопсуздугу менен сапаты тастыктала элек жасалма бөйрөк аппараттарын колдонуу фактыларын аныкташкан.
«Ошентип, жеке менчик гемодиализ борборунда «Т.М.» 28 жасалма бөйрөк аппаратын бейтаптарды дарылоо үчүн колдонгон, алар Саламаттыкты сактоо министрлигинен тийиштүү түрдө каттоодон өтпөгөн. Белгилей кетсек, “Жасалма бөйрөк” аппараттары 5 миң саат иштегенден кийин милдеттүү түрдө техникалык текшерүүдөн өтүшү керек, бирок медициналык борбордун гемодиализ аппараттары 35-45 миң саат бою иштеген”,-деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында түштүк борбордун көзөмөл органынын сунушу менен Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Ош аймактык фондунун жетекчиси М.О. жана түштүк аймагы боюнча баңгизаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы С.К. ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Юридикалык баа берүү үчүн жеке менчик гемодиализ борборлорунун жетекчилерине байланыштуу материалдар Ош шаарынын прокуратурасынын электрондук маалымат реестрине катталып, өз ыйгарым укуктарына ылайык түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жөнөтүлүп, анда: Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси "Шалаакылык" жана 146-беренеси "Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы" боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www