Түркияда кыргызстандык аялга кол салуу. Адам 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн
Жабыркаган кыз Кыргызстанда физиотерапия алуусун улантууда
Анталияда кыргыз жараны Малика Ноотиевага кол салган түрк жараны Мустафа Йылмаз 30 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эске салсак, 2016-жылдын ноябрь айында Малика курбусу аркылуу Анталияга иштегени кеткен. Бирок келгенден кийин кызды сойкулукка мажбурлашкан. Кыз баш тарткан, бул үчүн аны Мустафа Йылдыз аттуу адам сабап салган. Уюлдук телефонун жана сумкасын алып, кыргыз аялды чоң жолдо таштап кеткен.
Кол салуудан кийин Ноотиева ооруканага түшүп, 7 жолу операция жасалган, анын ичинен үчөө баш мээсине.
Белгиленгендей, бир күн мурун сотто прокурор айыпталуучуну 30 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган: адам өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн 15 жылга, тоноо үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган. Соттук отурум 10-майга жылдырылды.
Белгиленгендей, кыз Кыргызстанда физиотерапияны улантууда.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www