Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери ок атуу боюнча эл аралык турнирде байгелүү орундарга ээ болушту

Мелдешке Казакстан, Орусия, Германия жана Кыргызстандын спортчулары катышты

4-6-март күндөрү Казакстандын практикалык атуу ассоциациясы тапанча атуу боюнча “Almaty Open 2022” IV Республикалык Эл аралык турнирин уюштурду. Мелдешке Казакстан, Орусия, Германия жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Мелдештер мыкты аткычты аныктап, 13 көнүгүү боюнча күч сынашты. Мелдештин форматы ок атуучулардын жеке чеберчилигине жана объективдүү калыстыктын негизинде жеке жана командалык мелдеште, куралдын ар кандай класстары боюнча жеңүүчүлөрдү аныктоону камтыды.

Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин атайын багыттагы жоокерлери экинчи жана үчүнчү орундарга ээ болушту.

УКМК басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх