Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бала бакчанын жетекчиси беш жашар баланы сабап салган (фото)

«Анын башына уруп, кулагын бурап, ажатканага камап, светти өчүргөн»

Беш жашар баланын энеси кыргызстандык келин баласын сабаган жеке бала бакчанын жетекчисине нааразы болуп, "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондуна кайрылды. Бул тууралуу жогоруда аталган фонддун төрагасы Назгүл Турдубекова Фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, бакчанын кызматкери баланын башына чаап, кулагын бурап, андан сырткары жарыкты өчүрүп ажатканага камаган.


«Бала азыр нерв оорусуна чалдыгып, дайыма ыйлап жатат. Аты жок бала бакча «Ала-Тоо» турак жай комплексинде жайгашкан. Бишкек мэриясы баардык стихиялуу бала бакчаларды өз көзөмөлүнө алышы керек, анткени жетекчи баланы сабап өлтүрүшү мүмкүн», — деп жазган Турдубекова.

Жабыркаган баланын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Текшерүү башталды.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх