Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алар Токтогулдан Бишкекке мотоциклдин мотору менен баңги затын ташып өтүүгө аракет кылышкан (фото)

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде (Сатуу максатын көздөбөй, баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) каралган белгилер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан республиканын түштүк аймагынан Бишкек шаарына каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу каналына бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрүлгөн.


“Чычкан” коктусундагы автоунаа постунда БМЖКККнын кызматкерлери Тергөө кызматынын, ЖККУнун жана Токтогул районунун ИИБнүн БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте, Токтогул районунан Бишкек шаарына багыт алган, ак түстөгү “Хонда Степвагон” автоунаасы токтотулган.
Аталган автоунаага кароо жүргүзүү учурунда анын багаж бөлүгүнөн мотоциклдин кыймылдаткычы табылып, аны ачканда, ичинен 47 даана ширеңке коробкасы формасындагы, ачык-күрөң түстөгү, гашиш өзгөчө жытына ээ болгон, 650 гр. катуу зат табылып алынган.  


“Хонда Степвагон” автоунаасынын айдоочусу 1994-ж.т., Т.Н. аттуу жаран “Токтогул-Бишкек” каттамы боюнча жеке жүк ташуу менен алектенерин, бул кыймылдаткыч Чон-Арыктык “Кайрат” аттуу жигитке таандык экендигин жана ал акча төлөп аны Бишкек шаарына   жеткирүүнү сурангандыгын айткан.
Т.Н. аттуу жарандын көрсөтмөсүнө ылайык көрүлгөн чаралардын натыйжасында, ошол эле күнү 1993-ж.т., Токтогул районунун жашоочусу  А.К. аттуу жаран кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алуу менен көрсөтмө берген.
Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх