Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Облус аймагындагы башка дагы кылмыштарга жарандын катыштыгы бар экени аныкталды

Чүй облусунун Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Милицияга 21-февралда С.Г. аттуу чала тааныш аялдын ишенимине кирип, алдоо жолу менен Кара-Балта шаарындагы базарлардын биринен жалпы суммасы 142 000 сомдон ашык 2 баш малын алып, акчасын кайтарып бербей жатканына карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт КЖБРге  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209 "Алдамчылык" беренеси боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1975-жылы туулган Ж.К. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция кызматкерлери анын Жайыл районунда ушул сыяктуу дагы үч фактыга тиешеси бардыгын аныкташкан.



Учурда кармалган жарандын облус аймагындагы башка кылмыштарга да катыштыгы такталууда.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх