Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Таштар ата - Дача" дүкөнүнүн ээси өнөктөшү ага 700 миң сом 38 миң доллар зыян келтиргенин айтууда

Жаран коомчулукка ачык болбосо, кылмыш иши жөн эле жабылып калат деп кооптонууда

"Таштар ата - Дача" дүкөнүнүн ээси өнөктөшү ага 700 миң сом жана 38 миң доллар зыян келтирген деп эсептейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына дүкөндүн ээси Павел Крекотнев билдирди.

— Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына менин укугумду коргоо чараларын көрүү боюнча арыз менен кайрылгам. Бирок тергөөчүлөр эки жолу кылмыш ишин ачуудан баш тартышкан. Ошол эле учурда арыз ээси катары мени суракка да алышкан эмес, тастыктоочу документтерди да талап кылышкан эмес. Өнөктөштүн аракети менен мага 700 миң сом жана 38 миң доллар зыян келтирилген.




Узнать больше: https://vesti.kg/proisshestviya/item/97917-vladelets-magazina-tashtar-ata-dacha-zayavlyaet-chto-partner-nanes-emu-ushcherb-na-700-tysyach-somov-i-38-tysyach-dollarov.html - Владелец магазина «Таштар ата — Дача» заявляет, что партнер нанес ему ущерб на 700 тысяч сомов и 38 тысяч долларов - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Өз кезегинде райондук прокуратура тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин жокко чыгарган.

— Учурда райондук прокуратура тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча тергөөчүнүн токтому жокко чыгарылды, — деп улантты редакциянын маектеши. - Материалдар тергөөгө чейинки текшерүүгө жөнөтүлдү. Маалымат каражаттарына жарыя кылынбаса, иш тыйылып, дүкөнгө болгон акчабызды кайтара албай калабызбы деп корком. Аны куруу үчүн биз кредит алдык, а милиция биз түшүнбөгөн себептер менен ишти артка тартып, биздин бузулган укугубузду коргобой жатат.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg өнөктөшү дүкөндү ээсине акча төлөбөй сатып жибергени тууралуу материалды жарыялаган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх